www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, "Кумтөр" компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу социалдык баракчасына Кумтөрдүн иши тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтмында, 19,2 тонна алтынды Улуттук Банк Европа өлкөлөрүнө 1,1 млрд долларга саткан.
"19 тонна алтын бул - 19 млн грамм деп туруп аны унцийге которсок - 610 932, 476 болду... эми 2021-жылдагы алтындын бир унцийине болгон баасын карасак 1864 АКШ доллары экен.
Улуттук Банк саттык деген 19 тонна алтындын көлөмү - 1 млрд 138 млн 778 миң АКШ доллары болмок.
Улуттук Банк 1,1 млрд долларга саттык десе, 38 млн АКШ доллары кайда?!
Улуттук Банк дагы "Кумтөрдүн" 735 млн АКШ долларын интервенцияга жумшадык деп маалымат берди. Бирок 2021-жылкы маалыматтар топтомун карасаңар 698 млн 950 миң доллар гана интервенцияга жумшаган болуп жатпайбы. Ортодогу айырма 36,05 млн АКШ долларын түзүүдө.
Ушунча да урдурасыңарбы?
Садыр ава, уланта берейинби?", - деп жазган активист.
Ал эми журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулу да бул темага токтолуп, өз пикирин жазды.
Анын айтымында "Кумтөрдүн" боткосу чыгып, түшүнүксүз жагдайлар, түшүнүксүз сандар көбөйдү.
"Кыскасы, былтыр 24,8 тонна алтын экспорттолуптур. Анын ичинен 19,2 тоннасы белгисиз өлкөгө 1,1 миллиард долларга сатылыптыр. Башында сатылып жаткан алтындын дайыны чыкпай турду. "Кумтөр" биз алтынды даярдап берип эле "Кыргызалтынга" тапшырабыз дешти. "Кыргызалтын" биз эми мурдагыдай сатпай калганбыз, эми ал боюнча Улуттук банктан сурагыла деп", жоопкерчиликти өздөрүнөн алыстатты. Учурда Улуттук банк чындыкка дал келбеген маалыматтарды бере баштады. Аягы кандай болот, айтылган маалыматтарды кагаздар менен далилдеп бере алабы деген башкы маселеге келе жатабыз.
Ошентип, былтыр рекорддук көлөмдө алтын сатылыптыр. Алгач, 1,1 миллиард долларга сатылган 19,2 тонна алтынды эсептейли. 19,2 тонна алтын 677 241 унций болот. Былтыр алтындын бир унцийинин эң төмөнкү баасы 1680 долларды түздү. Ортоңку баа 1799 доллар, максималдуу баасы 1957 доллар болуптур.
Эми, 19,2 тонна алтындын 1 унцийи 1680 доллардан сатылса, 1 млрд, 137 млн доллар, ортоңку 1799 $ баа менен сатылса, 1 миллиард 218 миллион доллар, ал эми жогорку 1957 $ баа менен сатылса 1 миллиард 325 миллион доллар болмок экен. Ошондо эң төмөнкү баадан 37 млн доллар, ортоңкудан 118 миллион доллар, жогоркудан 225 миллион доллар айырма чыгып атат.
Улуттук банк так ушул "Кумтөрдүн" алтынынан түшкөн акчадан интервенция кетиргенбиз деген жаңы шылтоо чыгарды. Ал эми интервенцияга жалпылай 730 млн доллардан ашык кетиптир. Анын канча миллионун "Кумтөрдүкү" кылып көрсөтүшөт билбейм.
1,1 миллиард долларлык алтындын фонунда 5,6 тонна алтын кайсы өлкөгө канча миллион долларга сатылганы боюнча да так маалымат жок. Болбосо, бул дагы оңой эмес акча. Былтыркы орточо баа менен эсептесек, ал деле 355 миллион доллардан кем болбойт. Кыскасы, ушундай.
Кандай болгон күнү дагы Тенгиз Бөлтүрүк, Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров жана Улуттук банктын төрагасы элдин астында, Парламенттин астында так отчет бериштери зарыл", - деп жазган Семетей Талас уулу.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-августтта "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилип, анын ордуна Алмаз Барыктабасов дайындалды. Бирок, Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.
Булак: NazarNews.kg