www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс эгер зарыл болсо, өзөктүк арсеналдын согуштук башкаруу системасын ишке киргизүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.

Трасс мындай билдирүүсүн шайлоо боюнча дебаттардын биринде айткан.

"Менин оюмча, бул премьер-министрдин маанилүү милдети. Зарыл болсо мен аны аткарууга даярмын", — деди Трасс журналисттин "өзөктүк курал колдонуу чечимин кабыл алууга туура келсе кандай кадамдарга барасыз?" деген суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле ал премьер-министр болуп калса Орусиянын дүйнөдөгү аракеттери тууралуу көбүрөөк чалгындап, бир топ сырларды ачарын убада кылды.

"Премьер-министр катары мен колумдан келгендин баарын жасайм, анын ичинде президент Владимир Путиндин тактикасын бүткүл дүйнөгө ачык көрсөтүп берем. Мен жетектеген өкмөт Кремлдин демократияны бузуу аракеттерин ашкерелөө үчүн чалгындоо маалыматтарын стратегиялык максатта колдонот", — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Владимир Путин өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес жана ал тутанбашы керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости