www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Бекжан Темирхан жерге берилди

Белгилүү ырчы Бекжан Темирхан кичи мекени Аксы району Үч-Коргон айыл аймагынын Беш-Короо айылында бүгүн, 12-ноябрда акыркы сапарга узатылды.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда Кыргызстанга белгилүү ырчы Бекжан Темирхан Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза тапкан.

Эч кимге окшобогон өзгөчө үндүн ээси Бекжан Темирхан “Кантем”, “Карындаш”,  “Эзилип бүттүм”, “Ата-эне” жана башка бир нече чыгармалары менен калың журтка таанымал болгон.

Бекжан Темирхан учурдагы жаш ырчылардын арасында чыгып келе жаткан таланттуулардын алдыңкы сабында турган. Ар бир чыгарган чыгармалары эл арасында замандын тили менен айтканда хитке айланган.

Аталган ырчы болгону 27 жашта гана болчу. Такталбаган маалыматтарга караганда бир жума мурун үйлөнгөндүгү айтылууда.

Белгилей кетсек,  ырчы Акжолтой Канат уулу 2019-жылы так ушул окшош сандагы 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости