www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда коомчулук арасында жаңы иштелип чыккан Кодекс боюнча кызуу талкуу жүрүп, коомчулукта нараазычылык күч. Жаңы мыйзамдагы кемчилдиктер тууралуу белгилүү журналист Элнура Кулуева дагы үн катып, ачуу чындыгын айтты. 

Таш-талканы чыгып жаткан жаңы Кодексти иштеп чыгууда ЮРИСТТЕРДИН тобун түзгөн жетекчи бул күнсулуу Индира Жолдубаева болгон. 100 студентке лекция окуган мугалимдерге бүтүндөй мыйзамдардын тагдырын берип, алар чет өлкөлөрдө чартаңбай тээп окуп, көчүрүп алып келген гумандуу мыйзамдары иш өтөөсүндө эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Жанагы Жоруктар Кодексти боюнча наалатты Лейла Сыдыковага айтыш керек, дал ушул киши автор. Күч органдары иштей турган Жазык - процесстик Кодексти болсо бир күн да орган тармагында иштебеген Канат Сманилиев жазган. Мына ушул эки автор жаңы Кодекс үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болушкан. Чыныгы кесипкөй юристтерди түк жолотпой жазган мыйзам бүгүн мамлекеттин баш оорутмасы болду. Ушул реформага канча акча каражат кетти? Жумушчу топ бул мыйзамды канча жыл иштеди? Кайсыл өлкөлөргө жумушчу топ барды? Тажрыйба алмашуу үчүн канча кызматкер сырт жакка чыкты? Ага канча акча каражаты кетти? Жаңы Кодекс канча сумма, канча тираж менен басылып чыгарылды? Райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмдөрүнө канча видео камера, канча компью́тер берилди? Интернет төлөмдөрүнө канча акча каражат каралган?, ж.б суроолорго Өкмөт аке жооп берсин. Бул мыйзам иш жүзүндө кандай иштеп жатат, кандай кемчиликтер болуп жатат деп ак үй, көк үйдөн жерге түшүп караш керек да. Аа деп ооз ача электе эле мыйзамга 200 дөй кошумча түзөтүү киргизилиши керек болуп калды. Буга ким жооп берет жана мамлекет канча зыян тартып жатат?- деп жазган Элнура Кулуева өзүнүн баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости