www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кызматташтык тууралуу 23 документке кол коюлду.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери Сердар Бердымухамедов менен Эмомали Рахмон Түркмөнстандын жана Тажикстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу декларацияга да кол коюшту.

"Бул тарыхый чечим биздин элдердин түпкүлүктүү кызыкчылыктарына жооп берет жана аймактагы өнүгүү менен туруктуулуктун маанилүү факторлорунун бири болуп эсептелет", – деди Рахмон.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн билдирди. "Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тынчтыкты, туруктуулукту жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биздин өлкөлөр дүйнөдөгү маселелердин баары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп ишенет", – деди түркмөн президенти.

Бердымухамедов менен Рахмон ошондой эле Хатлон облусунун Дусти айылындагы 1080 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушуна символикалык түрдө старт беришти. Бул окуу жайга түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин ысымы ыйгарылары кабарланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости