www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талаптары КРнын Министрлер кабинети, тактап айтканда аткаруу бийлиги тарабынан так аткарылбай, одоно түрдө бузулуп жаткандыгы жөнүндө орчундуу сөз болду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 44-берене:

1. Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда
мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденет.

2. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минумумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо
деңгээлин камсыз кылат. Деп даана, так жазылып турат. 

Бирок 44-берененин 2-пункутунда көрсөтүлгөндөй, бүгүн Кыргызстанда жашоо минумумунун өлчөмү 6800 (алты миң сегиз жүз) сомду түзөт деп Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште өзү тастыктаганы менен мыйзамды аткарбай жатат. Бүгүнкү күндө социалдык колдоого муктаж жарандардын төмөнкү пенсия, жөлөк пулдары 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө гана араң төлөнүп берилип жатканы эл өкүлдөрү тарабынан баса белгиленип айтылды. 

Мындан улам: 
— Эмне себептен КР Конституциясынын 44-беренесин бузуп, социалдык колдоого муктаж болгон жарандарга 6800 сомдон эмес, 1200 сомдон төлөп берип жатасыздар?.. ", - деген депутаттардын суроосуна Акылбек Жапаров, "төлөй албасак өлөлүбү?!" - деп жооп бергени кайсы мыйзамга, логикага сыят?
Мындан эмнени түшүнүүгө болот?!

Демек, КРнын Конституциясынын беренелерин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон аткаруу бийлиги “төлөй албасак өлөлүбү?!..”- деп бузса болот, катардагы жарандын бузууга укугу жокпу?! Мыйзам карапайым жарандар үчүн гана жазылганбы?! Эмне үчүн төлөй албаса алакан жайып, “...өлөлүбү?!” деп элге док урган, Акылбек Жапаров чыкпаган киренедей болуп кызматта отурат?! Мыйзамды аткара албаса, иштин көзүн билген төлөй ала тургандарга ордун бошотуп бербейби?! Эл арасында дал ушул маселе тынымсыз айтылып жатат.

Айтмакчы, бул маселе боюнча Конституциялык соттун чечимин уксаңыз төбө чачыңыз тик турат: “Эгерде Министрлер кабинети пенсия, жөлөк пулдарды төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок болсо КР Конституциясынын 44-беренесин бузуп, социалдык колдоого муктаж болгон жарандарга төлөбөй койсо боло берет, бирок Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамды катуу талап кыла бергиле...” деген алешем, түшүнүксүз чечим чыгарып бергени кандай?

Мыйзам талаптарын кынтыксыз аткара турган Конституциялык сот КРнын Конституциясынын талаптарын бузуп, мындан ары башка тармактар да Баш мыйзамды бузууга жол ачып бергени мамлекеттик түзүлүштүн кыйроосуна алып келбейби? Же буларга ыңгайына жараша мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып, каалаган учурда чөктүрүп, каалаган учурда жетелеп кете берген түшүнүк менен жашаган жагабы? 

Өкүнүчтүүсү, карапайым эл Баш мыйзамды бузууга эч кимге жол бербейт деп Конституциянын гаранты болгон Кыргыз Республикасын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго ишеним артып карап турат. Ойлончу маселе. 

Дегенибиз, эл өкүлү Адахан Мадумаров белгилегендей, министрлер кабинети коомдо кооптуу прецедент түзүп жатат. Эми мындан ары кимдир бирөө Конституциянын кайсы бир нормасын жактырбаса, аны аткарбай койсо болот. Бул эмне деген шумдук? 

Андыктан, депутат Исхак Масалиевдин Акылбек Жапаров парламент трибунасында "төлөй албасак, аткара албасак өлөлүбү" деп айтылган билдирүүлөрү үчүн эле кызматтан кетиши керектиги боюнча айтканы жөндүү. 

Чынында тарыхта мындай болгон эмес...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости