www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусундагы “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына чектеш аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн кошумча шарттар түзүлдү.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта эс алуучулардан кийин таштандылар калгандыгы тууралуу видео тараган.
Анда жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, эс алгандан кийин таштандыларды өздөрү менен кошо алып кетүүгө чакырык жасалган.
Жаратылыш ресурстары министрлиги видеодо көрсөтүлгөн аймак “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын курамына кирбей турганын белгиледи.
Ошол эле учурда коомчулукта көтөрүлгөн маселеге байланыштуу аймакта тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Эс алуучулар үчүн таштанды челектери орнотулуп, санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.
Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, таштандыларды атайын белгиленген жерлерге таштоого жана эс алган аймакты таза калтырууга чакырды.