www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейин бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоодо турган жеринен эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөн салык төлөөчүлөрдү жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады.
Мындай сунуш айрым салык төлөөчүлөр салыктарды эсептик каттоодо турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп келгендигине байланыштуу даярдалды. Бул Салык мыйзамдарынын талаптарына туура келбейт.
Маселени жөнгө салуу үчүн Салык кызматы тиешелүү ченемди иштеп чыгып, аны мыйзам долбооруна киргизүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигине жөнөттү. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгил ичинде мындай учурлар боюнча салыктык жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.
Ошол эле учурда 2026-жылдын август айындагы салыктык милдеттенмелер боюнча төлөмдөр сентябрда жүргүзүлө турган болсо, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык эсептик каттоодо турган жер боюнча төлөнүшү керек.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө эсептик каттоо дарегин жана салыктарды төлөө үчүн реквизиттерди алдын ала текшерүүнү сунуштады.
Ошондой эле бирдиктүү салык боюнча отчет да салык төлөөчүнүн эсептик каттоодогу жери боюнча берилерин жана салык ошол эле жер боюнча төлөнөрүн эскертти.