www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-декабрда саат 19:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат 18:00дөн иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.

“Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат”, — деп айтылат маалыматта.

Быйылкы балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр. Балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырымдык светодиоддук гирляндалар, 2 чакырымдык лампа гирляндалары сатылып алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости