www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнбөй кеткендердин тизмесин улайбыз. Бул жолку каарманыбыз Жамшитбек Калилов болмокчу. 

Убагында Транспорт министрлигин жетектеп турганда, орун басары 500 миң доллар пара алды деген негизинде иштен алынып, кылмыш иши козголгон. Ал кезде президент Сооронбай Жээнбеков эле. Коопсуздук кеңешинде Калиловду жаш баладай тургузуп алып тилдеп, Башкы прокурорго ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырган.

Бирок, Калилов иштен кеткени менен кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, бул чуулгандуу иш кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп изи сууп кетти. Дегенибиз, орун басары бул ишке өзү эле барганы күмөндүү. Тыкыр иликтесе, Калиловдун кулагы чыкмак. 

Өкүнүчтүүсү ал кездеги өлкө башчысы Жээнбековдун тапшырмасы суу кечпей калган. Натыйжада 500 миң долларды кантип сиңирип кетти дешип көпчүлүктүн башы маң болгон. 

Көрсө, иттин өлүгү башка жакта жатыптыр. Кылмыш жоопкерчилигине тартылат деген Калиловдун төбөсү Асылбек Жээнбеков жетектеген "Биримдик" партиясынан сорок этти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости