www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн "Ынтымак Ордо" имаратында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
уга чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, бүгүнкү жыйын ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болмокчу. Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландалып жатканы маалымдалган.
Белгилүү болгондой, 2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт.
Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Кыргызстанга келишкен.
Мамлекет башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышышты.