www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда 21-апрелден 23-апрелге чейин «Коопсуздук-2026» аттуу командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Бул тууралуу облустук администрация маалымдады.
Машыгуулар Каракол шаарында, ошондой эле Казасуу жана Ак-Суу айылдарында өткөрүлөт. Окуу иш-чараларынын алкагында көрсөтүлгөн күндөрү саат 21:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.
Жергиликтүү бийлик машыгуулар өтүп жаткан аймактарда атайын техникалардын жүрүшү жана күч түзүмдөрүнүн активдүү аракеттери болушу мүмкүн экенин эскертти. Тургундар жана коноктор тынчтыкты сактоого, түнкү убакта зарыл болбосо сыртка чыкпоого жана укук коргоо органдарынын талаптарын так аткарууга чакырылды.
Кабыл алынган бардык чаралар окуу максатында гана жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди машыктырууга багытталган.