www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча талаптарына ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын трансформаторлорду оңдоо цехи 2026-жылга 160тан 200гө чейин трансформаторду оңдоону пландады. Учурда анын ичинен 45 трансформатор оңдолду. Калган 115 даанадан жогору жыл аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Цех ишкананын 12 райондук электр тармактарынан келген иштөө мөөнөтү аяктаган жана бузулган жабдууларды кабыл алып, аларды толук калыбына келтирет. Оңдоодон өткөрүлгөн трансформаторлор кайрадан 12 район электр тармактарына орнотулат.

Трансформаторлор жаңылангандан кийин электр энергиясын жеткирүү сапаты жакшырат, кубаттуулук жогорулайт, ошондой эле жабдуулардын ишенимдүүлүгү артат. Натыйжада авариялык өчүүлөрдүн саны азайып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейет. Мындан тышкары, техникалык жоготуулар кыскарып, жабдуулардын кызмат өтөө мөөнөтү узарат, бул жалпы энергетикалык системанын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Учурда 20 даана трансформаторлордун орому (обмотка) оңдолуп бүттү жана 25 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Цехте өндүрүштүк мүмкүнчүлүк 25 кВАдан 1200 кВАга чейинки көмөк чордон трансформаторлорун камтыйт.

2025-жылдын 31-августунда — Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилген цехтин жаңы имаратынын пайдаланууга берилиши менен техникалык мүмкүнчүлүктөр кеңейип, оңдоо иштеринин сапаты бир топ жакшырды. Мурдагы имарат санитардык талаптарга жооп бербегендиктен жана эмгек шарттары жетишсиз болгондуктан, иш процессинде бир катар кыйынчылыктар жаралып келген.

Жаңы цех заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Учурда бул жерде 9 жумуш орду камсыздалып, адистер заманбап шаймандар менен иш алып барышат. 

Мындай жаңылануу оңдоо иштеринин натыйжалуулугун арттырып, ишкананын чыгымдарын оптималдаштырууга өбөлгө түзүүдө.

 

Последние новости