www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январдан тарта Казакстанда чет элдиктер үчүн жаңыланган эрежелер күчүнө кирди. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн – Россиянын, Беларустун, Армениянын жана Кыргызстандын жарандары үчүн “визаран” процедурасы жокко чыгарылат. Андан кийин алар 6 айлык мөөнөттө 90 күндөн ашык эмес мөөнөткө республикада боло алышат. Эгерде бул мөөнөт өтүп кетсе, өлкөдөн чыгып кеткен чет элдик кайра кайтып келе албайт. Жаңы эрежелер убактылуу жашоого уруксат алган адамдарга тиешелүү эмес.

Буга чейин чет өлкөлөрүнүн жарандары Казакстандын чек арасынан үч айда бир жолу виза менен өтүп, кайра кайтып келе алышкан. Бул ыкма мамлекеттин аймагында мыйзамдуу жашоо мөөнөтүн узартуу үчүн жетиштүү болгон.

Казакстан менен анын ичинде Өзбекстан менен визасыз режими бар башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн республикада болуу мөөнөтү 30 күндү түзөт. Казакстанда болуу мөөнөтүн узартуу үчүн жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат алуу керек.

Республиканын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы комитетинин тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Аскар Алдунгаров белгилегендей, жаңы чектөөлөр 27-январдан кийин республикага кирген чет элдиктерге гана тиешелүү болот.

Последние новости