www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билежикте табылган алтын кени президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда ачылды. Президент Эрдоган "Сөгүт" алтын кен ишканасынын ачылышы жана биринчи алтын куюу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган:«Биз жаңы ачылыштар менен ата мекендик алтын өндүрүшүн көбөйтүүнү максат кылып жатабыз»,- деди.

Эрдоган Кара деңизде табылган 710 миллиард метр куб жаратылыш газ запасынада да токтолуп: «Улутубузга убада кылгандай марттын аягынан тарта Кара деңиз газын үйлөргө жеткире баштайбыз», - деп сүйүнчүлөдү.

Адана жана Жизредеги ачылыштар менен мунай өндүрүшүн жогорулаткандарын баса белгилеген президент: «Мерсинде Аккую атомдук станциясынын курулушу үзгүлтүксүз уланууда. Биз быйыл атомдук электр станциябыздын биринчи агрегатында электр энергиясын иштеп чыга баштайбыз», - деди.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын январь айынан тарта башталган кен казуу аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында 60 тонна алтын запасы аныкталган.

Ишкана биринчи этапта жылына 2,5 тоннага чейин алтын өндүрүү кубаттуулугу менен иштейт. 3 жылдын ичинде аткарыла турган иштердин негизинде объектин жылдык өндүрүш көлөмү болжол менен 6,5 тоннага чейин өсөт.

Последние новости