www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасын бекитти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт. Мамлекеттик агенттик көмүрдүн бир килограммынын чекене баасын жана бир тонна кара алтындын баасын көрсөткөн. Нарк көмүр казып алынган жер менен райондон көз каранды.

Бишкектеги жана аймактардагы көмүрдүн баасы:

Бишкекте бир килограмм көмүрдүн баасы 5,8 сомдон ашпаш керек. Ал эми бир тоннасы 4 400-4 500дөн кымбат сатылбашы керек;

Чүй облусу — бир килограммы 5,90 сом. Ал эми бир тоннасы 4 250-4 550 сом;

Ош жана Ош облусу — бир килограммы 6,8 сом болсо, бир тоннасы 5 000-6 000 сом;

Жалал-Абад облусу — бир килограммы 7 сом, ал эми тоннасы 4 500-6 500 сом;

Нарын облусу — бир килограммы 5 сом, бир тоннасы 2 400-4 700 сомго чейин;

Ысык-Көл облусу — бир килограммы 7,5 сом, бир тоннасы 3 600-6 800 сом;

Талас облусу — бир килограммынын баасы азырынча көрсөтүлө элек. Ал эми бир тоннасы 5 100-6 500 сом;

Баткен облусу — бир килограммы 9 сом болсо, бир тоннасы 4 800-8 700 сомго чейин.

Шаар, райондордогу баалардын жадыбалы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтынан тааныша аласыздар.

Эске салсак, өлкөдө көмүр наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасы 90 күн жөнгө салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости