www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Портреттик штрихтер. Аян" деген көп сериялуу жаңы даректүү тасманын эртең, 21-октябрда, көрсөтүлө турган бешинчи бөлүгүнүн тизери жарыяланды. Андагы интервьюсунда Нурсултан Назарбаев казак элинен кечирим сурайт. Бул тууралуу бүгүн EurAsia Daily билдирет. "Мен эч качан айтпаган бир нерсени айтайын. Бул сен үчүн сенсация болот. Алар мени кечиришсин. Мен үчүн оор. Коркпогон адам жок", - дейт Назарбаев.
Казакстандын экс-президентинин басма сөз катчысы Айдос Укибайдын айтымында, бул Нурсултан Назарбаев фондунун колдоосу менен ишке ашкан даректүү долбоор. Документалдуу фильмдин биринчи бөлүгүндө Назарбаев "качкын банкирдин чыккынчылыгы" деп Мухтар Аблязов жөнүндө айткан. Ошондой эле, президенттиктен кетээр алдында Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүсү тууралуу айтып берген. Кийинчерээк ал апасынан айрылганын дагы деле көтөрө албай келгенин кошумчалаган.
Экинчи бөлүктө Назарбаев - СССР кулаганда ага Түркстан мамлекеттеринин биримдигин түзүү сунушу болгонун жана Чыгыш Казакстан облусунун акимчилигине кол салуу аракети жөнүндө айтып берген. Экс-президент, ошондой эле, Кыргызстандагы революциялар учурунда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди учак менен кантип алып чыгып кеткенин эске салган.
Тасманын үчүнчү бөлүгүндө Назарбаев үй-бүлөсү, неберелери, аялдарга болгон мамилеси тууралуу жеке суроолорго жооп берип, сүйүктүү китептери жана диетасы тууралуу маек курган.
Булак: NazarNews.kg