www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кирпигин алып кой десе көзүн чукуп алыптыр” деген жакшы сөз бар эмеспи. Ушундай “услуганы” Башкы прокуратура президентке кылып жаткандай түр калтырууда. Ажонун ар-намысын коргойбуз деп атып, жасаган иши тескери жыйынтык берип, президентти элге бөкөчө кылып көрөтө турган болду.

Көчө ушактарынын аркасынан түшүп, алардын деңгээлине түшкөн Баш­кы прокуратуранын иши өлкө башчысына терс пикир эле жаратпаса, алгылыктуу аброй алып келбей турган иш да. “Ата-Мекендин” юристтери Таалайгул Токтакунова менен Канатбек Азиз 1-март күнү Дача-СУда кулаган учактын ичиндеги жүк Атамбаев жана анын жубайына таандык болгон деген түрктөрдүн атайын кызматынын документин коомчулукка алып чыгып,Текебаевди ошол документ үчүн аэропорттон кармады деп чыккан. Ошол документти алып чыгып көрсөткөнү үчүн Башкы прокуратура президент­тин аброюн коргоо максатында юристтерди сотко берип, алардан моралдык чыгым деп 10 млн сом өндүрүүнү көксөп олтурат.

Ошол доку­ментти жарыялаган “Азаттык” менен “Заноза” сайттарынан 3 млн сомдон талап кылган. Мына сага, Кыргызстан деген өлкөнүн  президентинин аброю болгону 16 млн сом менен гана бааланабы? Документ көрсөтүлгөнү  менен ага эл ишендиби? Ага ишенип президентти күнөөлгөн жан барбы? Болсо прокуратурага кайрылдыбы? Президент кандай моралдык зыян тартты? Тескерисинче, билетке тыйыны жок болсо мен алып берейин, Гонгконг менен Стамбулга барып чындыгын билип алышсын деп айтып жатпайбы. Жагалданганды жакшы көргөндөр коргойбуз деп кордоп жибергенин түшүнбөй атышпайбы.

Булак: “Ачык саясат”

 

Последние новости