www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Харбин шаарынын бийлиги COVID-19га чалдыккан жарандарга 1500 доллардан төлөп берүү чечимин кабыл алган.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Бирок, маалыматта бул сумманы тесттен өз ыктыяры менен өткөндөр гана алары жазылган.
Мындай чечим аталган шаарда коронавируска чалдыккандардын азайышынан улам кабыл алынган. Шаарда күнүнө онго жакын гана адамдан вирус аныкталып жатканы айтылат.
Шаар бийлиги жарандар вирус жуктуруп алгандыгы жөнүндө билдирүүдөн коркуп, тестен өтүүдөн качып жатышат деп эсептейт. Ошондуктан, эми өз ыктыяры менен текшерилип, анализинин жыйынтыгы оң натыйжа менен чыккан адамга 1570 доллардан төлөп беришмекчи.
Булак: NazarNews.kg