www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аталган комплексти тапшыруу аземи бүгүн, 7-декабрда, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунда тапшырылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.

Мобилдик комплекс КАМАЗ автоунаасынын базасында салынган. Ичинде бактериологиялык жана индикациялык эки лаборатория болот. Анын жардамы менен биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап холера, чума, COVID-19 сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, пандемия маалында вирустун жайылышына бөгөт коюуга өбөлгө болгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости