www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Омор Сооронов: “Илим-чындыктан чыккан туунду...”

- Алгачкы сөзүбүздү ары түйшүктүү, ары кызыктуу илимий жолго кантип келип калганыңыз туурасында баштасак жөндүү деп турамын...

- Мен өзүмдү республикалык гезит, журналдарга бир канча макалаларым жарыяланып, Тоголок Молдо жөнүндөгү монографиям чыгып калганына карабастан, Мукай Элебаевдин кол жазмаларын окуп, иликтей баштаганыман тарта гана илимге киргендей элестетем. Ал эми Тил жана адабият институтунун Манас секторуна 1969-жылы 9-апрелде эле ишке киришкен болчумун. Башка бирөөлөрдү эликтеп же туурап, кагаз бетин каралап коюу менен иш бүтпөйт эмеспи. Илим деген таптаза чындыктан чыккан туунду болушу керек да. Ага жетиш өтө эле татаал жол.

- Илим ийне менен кудук казгандай дегенди ар ким ар кандай чечмелейт. Элибиз эмгек жолуңузду мыкты таанышкандан улам бул макал сиздин образыңызга шайкеш келет деп турамын...

- Кийинки кездерде кудук казмак турсун ийнени кармап көрбөгөндөр илимканага тоскоолдуксуз кирип, жалтылдаган погондорду тагынып кетип атышат.Ушинтип илимдин кадыр-баркын тебелеп-тепсегенибиздин кесепети чындыкты чырылдатып, ишенбөөчүлүктү күчөтүп атат. Менин образымды өз ишиме айкалыштырып түшүнгөндөргө рахмат айткандан башка эмне дейм, бала кезден өзүмө эреже кылып алган – кызуу киришип жүргөн “ишиме” тоскоолдук кылат экен деп айрым оюндарга катышпай койчумун, анын бири шахмат оюну болгон. Ошол себептен шахматты үйрөнбөй калгам.

Бул эрежемдин зыяндуу жерлери да бар экенин билем, Университеттин 3-курсунда болсо керек эле, бир поэма баштап алып, кышкы каникулда айылга барбай жатаканада жалгыз калсам, теңтуштай болуп өскөн агам келип. 4-5 күн бирге туруп калганда, ичимден жактыра бербей, шаар аралатып аны-муну көрсөтпөгөнүмдү эстеп, алигиче уялам жана ыза болом. Ал поэмам болсо дубал газетага чыккан боюнча архивимде калган.

Илимге келген замандаштарымдын көпчүлүгү илим изилдегенге караганда наам, даража алуунун оңой жолдоруна көбүрөөк кылчакташканын таптакыр жактырбайм.

- “Акылды башкалар менен бөлүшкөндө акыл бөксөрбөйт” дешет го, сиз таалим алган устаттар...

- Илимдин айкын жолуна түшүүмө жана интелигенттик жүрүш-туруштарымды жолго салуума, биринчи кезекте, агайым академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин үлгүсү зор болду. Зияш Бектенов агайым араб арибин үйрөтүп, адамкерчиликтин баа жеткис сапатын көрсөткөн. Салижан аке Жигитов башты жерден албай иштей беришти сунуштап, Академияга келүүмө себепчи да ошол болгон. Жээнбай Мукамбаев агайдын студенттерге, Аскар Турсунович Турсуновдун кызматкерлерге жасаган камкордугу эч качан унутулбайт. Мукай Элебаев согуш майданында курман болгондо, мен төрт жашта экемин, кырктын кырын аша бергенимде анын кол жазмаларын колума алып, чыныгы илимпозго жолукканымды ошондо сездим. Принципиалдуулукту, тактыкты, тайманбастыкты да кол жазма-мурастарынын ичинде “отурган” Мукай Элебаев үйрөткөн.

- Омор ага, сиз дайым алектенип келген Кол жазмалар фонду сырдуу сандык сыяктуу. Ошол сырдуу сандык сырларынан окурмандарга бөлүшө кетпейсизби!..

- Динара, Кол жазмалар фондусун сыр сактаган сандык деп образдуу түрдө өтө туура баалап атасын, анда миңдеген, сандаган адамдардын өмүр бою сактаган сырлары, ырлары, сүйлөп өткөн сөздөрүнүн үрлөрү бар. Ошолорду жөнгө салып, төкпөй-чачпай кеңири түрдө элибизге тартуулай албай келебиз. Өз кызыкчылыгына керектегиси келгендер каалагандай эле тытмалап атышат, бирок ошол сырларды сырдай сактаганга келгенде бейтартип иш жүргүзүп жүргөнүбүз да чындык. Маселен, канчалаган жылдардан бери катылып турган кол жазмаларды компьютерге түшүрөбүз деп Сорос фондусунун кызматкерлери менен түркиялыктардын колуна салып бердик, алар айлап кармап жүрүштү, керектеген материалдарынын бирден нускасын  чыгарып кеткен жок деп кантип айтабыз, азыркы укмуштай аппараттар менен алеки саатта бир чыгарманы эмес, бүт фондуну көчүрүп алса да болот турбайбы. Менин түшүнүгүмдө кол жазмаларды компьютерге түшүрүү ишин Фондунун атайын кызматкери гана жүргүзүп, чыккан продукцияларды сейфте гана сактоо керек болучу, андай болгон жок, бир комнатаны ээн-жайкын ээлеп, каалагандай кирип-чыгып атышты. Башка, кээ бир мамлекеттерде кол жазмалар сакталган жайды (хранилищелерди) атайын адамдар (милиция, полиция) кайтарып турат.

Дагы бир көйгөй: азыркы жетишкендиктерге ылайык ар бир үйдү, анда жашаган адамдар турсун ит-кушуна чейин каттоого алынып атпайбы, бизде, кыргыз элинин бирден-бир ыйык мурасы болгон кол жазмалар алиге толук паспорттошкон эмес. Ошону ишке ашыралы деп баштаган “Кол жазмалардын илимий сыпаттамасы” деген про”ектинин негизинде  1995-жылдан бери жазылып келаткан ишибиз (10 томдон ашат) акча жок делинип, чыкпай турат. Бул Фонду материалдарынын эсеп-кысабын көзөмөлдөө үчүн, керектөөчүлөр каалаган материалын оңой таап алыш үчүн да аба-суудай зарыл эле. Мамлекеттик тилге делип Институтка берилип аткан акчага жылына 30-40тап китептер чыгат (анын ичинде бул проектиге зарылдыгы жоктору да бар), ошолордун эсебинен чыгарып койсо болбойт беле? Болмок. Анан, ар кандай каалоочуга катылган кол жазмаларды жеткиргибиз келсе, азыркы тамгабызга (кириллицага) көчүрүп, илимий иргөөдөн өткөргөндөн кийин гана компьютерге салсак туура болмок. Элдин баары эле ар түрдүүчө кол тамгалар менен жазылган кол жазмаларды окуй алышпайт да, алардын ичиндеги араб, латын арибиндегилерин кандай кылат? Анан калса, Фондусундагы кол жазмаларды ошол турушунда интернетке салып койгон мамлекетти билбейт экенмин, же барбы? Дагы: ар бир областан жыйналган материалдарды четинен баштап же ар-ар жеринен чокулап алып жарыялай баштаганыбыз, “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер” деген ат менен чыгарганыбыз да басма эрежесине туура болбой калды. Дегинкиси кол жазмаларды илимий жактан иштеп чыгып, жанрлар боюнча жарыялоо туура болмок, буга, жогоруда айтылган, китеп болуп чыкпай жаткан “Илимий сыпаттама” проектиси жакшы жардамчы болмок.

- Сиз араб арибинен көчүрүп, китеп кылып чыгарган атактуу даанышман, ойчул, диний аалым Молдо Нияздын “Санат дигарасттар” аттуу китеби 1993-жылы жарык көргөн. Жазма адабиятка кызыгууңуз качан пайда болду эле?

- Араб арибиндеги кол жазмаларды, китептерди эс тарткандан эле кармалап көргөм десем, мактангандай болбойм. Анткени атам 15 жашынан 97ге чыкканча үзбөй намаз окуган динчил киши болучу. Соорон деген атын кошпой эле Сопу деп аташчу. Чоң жаңгактын түбүндө өзүнүн мечити бар эле, азыр ага-инилерим жаңыртып коюшкан, өздөрү намаз окуп турушат. Ошого келген молдолор мээрапта дайыма турчу китептерди алып, кызыктуу жерлеринен отургандарга окуп беришчү. Мен айрыкча Азирет Аалинин (4-чаряр) согуштарын, шилтегенде 7 газга узарып кеткен Зулпукор аттуу кылычына таң калып укчу элем. Совет мектебинде окугандыгымдан го, динчил болуп кеткеним жок. Атамы “80-90 жыл бою беш убак намазга короткон убакысын башка ишке жумшаса жакшы болбойт беле?” деп ичимен ойлоп койгон учурларым да болгон. Бир ырыма чала-була киргизип жибере жаздаганымды эстегенде оңтойсуздана түшөм. Ана! Атейисттик тарбиянын күчүн кара!

Анан жүрүп Кыргызстан Мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору Зияш агай Бектенов жумасына бир жуптан сабак өтүп, эки-үч айдын ичинде эле араб арибиндеги тексттерди окуганга, жазганга үйрөтүп койгон. Ал түгүл Казан университетиндеги атактуу  Н.И.Лобачевский атындагы китепкананын эски кол жазмалар сакталган бөлүмүнө жыйырма күндүк практикага апарып, 1910-1920-жылдарда жарык көргөн кыргыз, казак, өзбек тилдериндеги араб арибиндеги тексттерди бизге көчүртүп келген. Кийин Академияда иштей баштаганымда роман жанырын кыргыз топурагында биринчи баштаган Мукай Элебаевдин араб, латын тамгаларындагы кол жазмаларын китеп кылып чыгардым. Академик Б.М.Юнусалиев агайдын Молдо Нияздын “Санаттарын”  азыркы арипке көчүрүү керектиги жөнүндө керээз сыяктуу айткан сөзү таптакыр эсимден кетпей жүрүп, Равшанбек деген баланы кошуп алып көчүрүп чыккандан кийин, Молдо Сабыр менен бирдикте “Мажму ат-таварихти” котордук, анан  Молдо Кылычтын “Казалдар”, Зиябин Максымдын (Магзуни) Фаргана хандарынын тарыхын”, Молдо Багыштын “Абак дептерин”, Белек Солтоноевдин “Кыргыз Тарыхын”, Молдо Аширдин “Азирети эшен пирибизин”, Касым Тыныстановдун “Капастан чыккан ырларын”, Тоголок Молдонун “Манас”, “Семетей”, “Сейитегин”, Абдираим Шаматовдун “Абактагы арманын” Тыныбек манасчынын, анын уулу Актандын ж.б.,ж.блардын (ушинтип кете берет) кол жазмаларын кириллицага көчүрүп, баш сөз, түшүндүрмөлөрү менен кошо китеп кылып чыгардым.

- Жазуучуга анын жазган китептери окурмандарын тапса ошол мааниге ээ эмеспи. Жазуучу же болбосо окумуштуу болууну самагандарга профессионал илимпоздун кеп-кеңештерин уксак...

- Акын болуу, жазуучу болуу каны менен кошо келип, бала чагынан эле башталат да, өмүрүнүн аягына чейин камчыга алат, жаздырбай жаткырып койбойт. Демек, жазуучу болом деген аздектүү каалоосун каны-жаны, бүткүл тулкусу менен сүйүп, акча-макча, даража-маража, наам-саамдын кулу болбой, башты көтөрбөй иштей бериш гана керек. Талант деген (эгер болсо) такымга чаап, эркиңе койбой айдактап турат. Ал эми илимдин эшигин каккандар: илимдин кудугун ийне менен казганга чын дилинен баш коюп, азап-тозогуна чыдагандар (булар турмушта өтө эле сейрек кездешет) жана атак, даңк издеген көз боёмочулар (булар азыркы заманда өтө эле көбөйүп, чайлап кетти, илимди “башкарып” аткандардын да көбү ошолор) болуп экиге бөлүнөт. Биринчисине шарт болсо эле жетишет, калган азабы менен жыргалын көтөргөнгө өздөрүнүн моюндары эле жетишет. Ал эми экинчи топтогулар жаман оорунун вирусу сыяктуу. Эгер алар элиме кызмат кылам, Ата Мекенимди ардактайм десе, ушул ыйык ишке барбай эле коюшса, зор патриоттуктарын көрсөтүшкөн болот эле. Илим да көз боёмочулуктардан кутулуп, сая кетип аткан акчаларын өзүнө жумшап, чыныгы илимге айланмак.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости