www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта Өмүрбек Бабановго 13 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 3,5 миллиард сом зыян келтиргени байма-бай айтылып келет. Бул жагынан берилген органдардын расмий маалыматтары кайда? Же бийлик менен тымызын сүйлөшүп, «көмүскө миллиондорду агызса» эле кылмыш иштеринен кутулуп кетеби? Эл болсо карап турат. Таңгалып жаткандардын таңдайлары да түшүп калбайбы?
Учурда Бабанов «Республика» партиясын Бишкек шаардык кеңешине алып чыгып, көшөгө артынан өзү башкарып, ишенимдүү тууган-урук, дос-жарлары менен саясаттын майын чыгарганы калышты. Акаев доорунан бери Бабанов баардык бийликтерди алдап, каалаган кызматына жетип келди. Байлыкты ченебей топтоду.
Эң башкысы, өзү үчүн гана жыргап жашары белгилүү. Учурда кылмыш иштерине жооп бербей, «Республика» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине жакын адамдарын алып келип, мэрди шайлаганга кызыкдар. Күздө болсо Жогорку Кеңешке командасы менен өтүп келээри болжонууда. Ушинтип эле тайраңдап жүрө береби? Кыскасы, бийликти алдап койгон Бабанов Кудайдын эрке баласына айландыбы?
Булак: Азия News гезити