www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде бийлик мыйзамдарды каалагандай калчай баштаганы күндөн күнгө айкын көрүнө баштады. Айтайын дегеним, Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши саясый куугунтук турмак, бийликтин ага болгон түздөн түз мыйзамсыз кастыгы катары баалоого болот. Ага далилдер да жетиштүү. Биринчиден, 2017 – жылдын 18 – январында лицензиясы узартылган адвокаттардын так саны тууралуу расмий суроого Юстиция министрлиги эмгиче жооп бере элек. Ошондой эле лицензиясын узарткан учурда Елисеев адвокат эмес, мамлекеттик кызматкер болгону тууралуу далил четке кагылып жатат. Экинчиден, адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамдын 16-беренесине ылайык адвокат Елисеевге кылмыш ишин бир гана Башкы прокурор, ал жок болсо Башкы прокурордун орун басары козгошу керек эле. Бирок, кылмыш ишин финполициянын, УКМКнын жана облусттук прокуратуранын катардагы кызматкерлери козгогон Үчүнчүдөн, Прокуратура Елисеев лицензиясын токтоткон учурда АДВОКАТ болгонун далил кылат. Тергөө көрсөткөн “Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамдын нормаларын Елисеевге карата колдонулса, анда Ушундан улам, бул бийлик Елисеев менен сүйлөшүүгө барган деген шектенүү жаралат. Анткени, тергөө “Елисеевди ал учурда адвокат болгон” деп жатат. Балким, сот да кийин  муну ырасташы мүмкүн. А. Салянова Елисеевдин адвокат катары мыйзамды бузгандыгы үчүн лицензиясын алып коюшу керек болгон экен. Андай болсо  кийин Елисеев ага карата козголгон тергөө ишинен баштап, соттун чечимдерине чейин мыйзамсыз экенин далилдеп бергенге шарт түзүлөт. Балким, А.Саляновага козголгон иш бийликтин Бакиев-Елисеевдер менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасы болуп жүрбөсүн деген ойго кептелесиң. Себеби,  көп миллиондогон конфискациялар боюнча сот чечимдерин бузууга мүмкүндүк берүүгө багытталгандай.

Алардын ичинде “Мегаком ” да бар. Негизи кайсы учурда адвокаттын лицензиясы узартылат жана кайсы учурда узартылбайт деген мыйзамда так жазылган. Адвокат өз милдетин аткарууга жараксыз болгон учурда, кылмышкер деп табылганда же мамлекеттик органдар тарабынан каршы далилдердин негизинде берилбеши керек эле. А Елисеевде болсо үч негиздин бири да жок болчу. Салянова мыйзамга ылайык Елисеевдин лицензиясын узартуудан баш тарта алмак эмес, атүгүл кылмыш иши козголгон чакта да, материалдар сотко өткөн күндө да узартуудан баш тартууга акысы жок болчу. Ошол кезде ал Елисеевдин Максим Бакиевдин жакыны болгонун гана эсепке алган эмес. Эгерде иштин саясый маанисине көңүл бура турган болсок анда бизге Юстиция министрлигинин эмне кереги бар? Демек, бийлик өз кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн А. Саляновадан кызматынан кыянаттык менен пайдаланган  адамды жасап чыгайын деп атат.

Лицензия токтоп турганда жаран адвокат деп эсептелбейт. Булар эсептелет дейт. Андай болсо кылмышты Елисеевге карата Башкы прокурор же замы козгомок. Бирок ага карата башкалар козгогон. Демек эртең мурда кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарып Елисеев анан сотко берсе болот. Бийлик ошого жол ачып жатат. Укуктук жактан ага мүмкүнчүлүк толук пайда болот. Кеп мегакомдо эле эмес да.Сот менен тергөөнүн чечимдерин жокко чыгарганга бийлик Елисеевге жол ачып берип жатат. Елисеевдин мүлктөрү конфискацияланган, ошолорду да кайрып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Иш козгоодон баштап, айыбын угузуу, соттун өкүмү дегендей.

Шамил Карабала уулу, "Майдан.кж"

Последние новости