www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мезгил – учкан куш» демекчи, Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланганына дээрлик беш жылдан ашуун убакыт өттү. Кыргызстан үчүн бул мезгил аралыгы тагдыр чечээрлик жылдардан болгонун эч ким таналбаса керек. Анткени эки ыңкылапты башынан кечирген өлкө үчүн мамлекеттин башына «чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган», өткөндөн сабак ала билген күчтүү инсандын шайланышы ошол учурдун талабы болчу. Эң ириде ал инсан өзүнүн тазалыгы менен башкаларга үлгү болушу абадай зарыл эле. Улуу мамлекеттик ишмер Искак Раззакков айткандай, «сен таза болсоў, мен таза болсом, коом да таза болот» демекчи, мамлекеттин башына ошол кезде Алмазбек Атамбаевдин шайланышы Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну түп-тамырынан бери жоюп, мамлекетте бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлигин орнотууда эбегейсиз ролду ойноду.
Бүгүнкү күнү айрым оозуна алы жетпегендер «түшүнөн чоочуп ойгонсо да» ажону күнөєлөп ур-тепкиге алып жатканы менен президент Атамбаев кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өнүгүүгө багыт алган бурулуш жылдарынын реформатору катары тарыхта калат. Андыктан өткөнгө кылчайып, Атамбаевдин башкаруу жылдарындагы эң негизги жаратмандык кадамдарына саресеп салып көрөлү.
Коррупция менен күрөш, үмүттү актабаган Салянова жана бир тууган агасына болушпаган ажо
Акаев, Бакиев учурунда бир дагы эң жогорку бийликтеги чиновник коррупциялык беренелер менен камалган эмес. Бирок Алмазбек Атамбаевдин убагында мыйзам алдында баары бирдей экени кашкайта далилденди. Министрлер, депутаттар, мэрлер, атүгүл президенттик администрациянын башчысы «кызыл кекиртектин» айынан темир тор артына камалышты. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Саляновага коррупция менен күрөшүүдө президент толук укукту берип колдоду.
Өзүнө ишенгендей ишенип, «кийинки президенттин Саляновадай болушун каалайм» деген оюн билдирди. Эл алдында Салянова жемкорлук менен күрөшкөн баатыр катары «аты Алайга, даңкы далайга» жетти. Бирок Салянова їмїттї актабай, өзүнүн күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун үстүнөн алдамчылык боюнча арыз түшкөндө “көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болду». Атүгүл өзү көптөн бери күйөөсүн калкалап жүргөнү ачыкка чыкты. Кийинчерээк Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын узарткан былыгы да айкын болду. Бүгүнкү күндө Салянова Текебаевдин кызыл туусун көтөрүп, «сүттөн ак киши болуп», бети чымырабай эле аянтта кыйкырып жүрөт.
Ал эми мыйзам алдында баары бирдей деген президент Атамбаев өзүнүн агасы, маркум Калыйбек Шаршеновду өнөктөшүнө карыз болуп калган акчасы үчүн кармалганда «президенттке кулак кагыш кылалы» деп келген министрлерге «мага эмнеге келдиңер, күнөөсү болсо атам болобу, агам болобу, балам болобу, жазасын алсын» дегенин коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коочулукка жарыялады. Маркум Калыйбек Шаршенов болсо өнөгүнө акчасын толук төлөп берип гана эки тараптын бири-бирине доосу жок экенинен кылмыш жоопкерчилгинен бошотулган. Ушул окуялар кимдин ак, кимдин кара экенин жана президенттин мыйзам баарына бирдей деген өзгөргүс принцибин кашкайта көрсөтүп турат.
Мамлекетти уурдагандарга гана эмес, элдин добушун уурдагандарга дагы чекит коюлду
Өткөндөн сабак алмайын келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Кыргызстандагы бардык башаламандыктар дайыма «шайлоонун шайтан оюндарынан» кийин чыгып келгени баарыбызга маалым. Шайлоолор укмуштуудай ыплас жолдор менен уюштурулуп, ар дайым ошол кездеги бийликтин “Ак жол”, «Көк жол» партиялары «жеңүүчү» болуп чыга келчү. Атамбаев Кыргызстандагы шайлоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, башка кошуна мамлекеттер суктанган, өнүккөн өлкөлөр жогорку баасын берген таза шайлоолорду өткөрүүгө жетишти. Ошону менен бирге өлкөнүн стабилдүүлүгүн дагы камсыздай алды. Шайлоолор таза өткөн соң эми мурдагыдай митинг-пикетке чыгуунун да зарылчылыгы жоюлду.
Мамлекет менен үй-бүлөсүн эки жээкте калтырган президент
Эки жолку ыңкылаптын эң негизги себептеринин бири үй-бүлөлүк башкаруу болгондугун Кыргызстандын ар бир жараны жадыбалдай жатка билет. Качкын президенттердин убагында аялы, балдары мамлекеттин ишине кийлигишип, атүгүл Ак үйгө кадрлар бєлїмїнє барып алышып, кадр саясатын да каалагандай калчашкан. Уулдары ханзаадага айланып, премьер-министрге тапшырма берип калганына коомчулук түгөл бойдон күбө болгон.
Эски бийликтин бардык үй-бүлөлүк башкаруудагы кылык- жоруктарын санап отурсак, убакыт жетпес. Андыктан ушуну менен «тизгинди тарта туралы…» Балким Атамбаевден башка адам президент болуп шайланып калганда үй-бүлөлүк башкаруу укмуштуудай «гүлдөп- өнүгүп» кетмек. Кыргызстандын бактысына Атамбаев президент болуп, үй-бүлөлүк башкаруунун «тамырына» балта чапты. Президенттин үй-бүлөсү бир жээкте, мамлекет бир жээкте калды.
Башкача айтканда, беш жылдан ашуун убакытта президенттин үй-бүлөсү, жакын туугандары мамлекеттик иштерге бир ныпым да аралашкан жок. Жакында эле белгилүү коомдук ишмер Анарбек Усупбаев гезиттердин бирине маек берип, Алмазбек Атамбаевдин «тууган катары бир да адамды кабыл албайм жана жолотпойм» дегенин коочулукка жарыя кылды. Чынында эле президент сөзүнө туруп, туугандарын, үй-бүлөсүн бийликке такыр жолоткон жок.
Кыргызстан энергетикалык коопсуздукка жетишти
Бакиев “свет өчсө, көмүр алганга акчаңар жок болсо «тезек тергиле» десе, Атамбаев кылымдын курулушу маанисине ээ болгон мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана элдин электр камсыздоосун жакшыртууга багытталган “Датка-Кемин” ири долбоорун ишке ашырууга жетишти. Эки бийликтин тушунда кошуналарга көз каранды болуп, кыштын ызгаарында «Ильич шамы» жалп өчүп, «көк муштум» болуп тоўгон мезгилдер эми артта калды.
Мындан тышкары, Орто жана Түштүк Азияда Кыргызстан электр энергиясынын ири эскпортчусу болуу максатында CASA-1000 долбоорунун олуттуу жумуштары колго алынууда. Республикабыздын эң ири Токтогул ГЭСинин реабилитациясы, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун модернизациясы, Камбар-Ата -2 ГЭСин бүтүрүү жана ишке киргизүү боюнча инвестициялардын тартылышы президенттин өз элине кылган опол тоодой эмгеги эмей эмне? Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүү боюнча ишке кирип жаткан жаңы долбоорлор келечекте өлкөбүздүн электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга, энергетика тармагында эл аралык кызматташуунун өнүгүүсүнө алып келет.
Буюрса, келечекте жогоруда аталган иштердин алкагында кошумча инвестициялар Кыргызстанга тартылып, турмушубуздун сапаты жогорулайт. Ошентип президенттин тикелей демилгеси жана ишти уюштура билүүсүнүн натыйжасында Кыргызстан электр энергиясын импорттоочудан экспорттоочуга айланды.
«Кыргызгаз» ишканасына «экинчи өмүр” берген президент
Президенттин кээ бир чечимдери убагында туура эмес чечимдей кабыл алынганы менен мезгил өткөн соң эң туура экендиги далилденип келет. Мисалы, «Кыргызгаз» ишканасы милиондогон карыздары менен россиялык «Газпром» ишканасына 1 долларга сатылганда популист саясатчылардын баары «кара күчкө жер тепкилеп» кыйкырып чыгышкан.
Жалпак тил менен айтканда, Атамбаев эскирген трубаларды, миллиондогон карыздары бар ишкананы бир долларга сатып жибергенине түшүнгөн адам рахмат айтышы керек болчу. Бүгүнкү күнү карапайым калк газды эч тоскоолдуксуз пайдаланып, алкышын гана айтып жаткан кез. Болбосо башта єзбек коўшулар кыштын кыраан чилдесинде «көгүлтүр отсуз» калтырып өкмөт баш болуп, карапайым эл төш болуп азап тартчу. Учурда Бишкектеги жаңы конуштардан бери газ киргизилип жатат. Келечекте ар бир айылга газ жеткирүү «Газпром» ишканасынын пландарында бар экенин аталган компания дайым айтып келет.
Жол – карым-катыштын, экономиканын күрөө тамыры
Жол куруу абдан көп чыгымды талап кылган машакаттуу жумуш болгону менен стратегиялык мааниге ээ. Ушундан улам Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган Балыкчы-Жалал-Абад жаңы автожолунун курулушу мындан үч жыл мурун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан башталган. Кудай кааласа, Кочкор-Чаек-Көкөмерен-Казарман аркылуу өтө турган 433 чакырымдык бул жол 2-3 жылдан кийин курулуп бүтөт.
Азырынча түндүк менен түштүктү бириктирген бир гана жол бар. Учурда дээрлик 95 пайыз мекндештерибиз автоунаалуу болгондуктан, Ош-Бишкек жолунун транспорттук агымды өткөрүү мүмкүнчүлүгү талапка ылайык эмес. Андыктан түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативалык жолду куруу зарылдыгын президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп чыгып, ишке ашырууда. Бул долбоор ириде өлкөнүн карапайым калкынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолунун курулушу дагы кызуу жүрүүдө. Аталган долбоорлор жол куруу тармагындагы миллиарддаган каражаттарды талап кылган эң ири долбоорлор. Ал эми облустук, райондук маанидеги жолдор жыл сайын тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мезгили келгенде «Атамбаев эч нерсе кылган жок» деп «оозун куу чөп менен аарчыган» популист саясатчылар (жеп ичендери чун камалып эле кетпесе) буюрса ошол жолдон ары-бери каттап калышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстанды дүйнөгө таанытты
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундай деңгээлдеги иш-чара мурда-кийин Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Биринчи жолу 2014-жылы Түркияда болгон саммитте президент Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү демилгелеп чыккан. Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн.
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну да былтыр Кыргызстанда өтүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келип, кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, көчмөндөр маданияты, философиясы менен жакындан таанышты. Иш-чарага 53 мамлекеттен 1000ден ашык спортчу катышып, 500дөн ашык журналисттер иш-чараны дүйнөгө жар салып турду. Кыргыз эли Манас атабыздын намыстуу урпактарынан экенин далилдеп, дүйнөлүк маанидеги иш-чараны татыктуу өткөрдү. Спортчуларыбыз намысты колдон чыгарбай, жеңиш алып келди.
Кыргызстан дүйнөгө таанылып, туристтердин агымы көбөйдү. Иш-чаранын аркасы менен Орто Азияда теңдеши жок ат майданы заманбап үлгүдө салынып бүттү. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаары менен айылдарынын инфраструктурасы жакшырды. Эл аралык жана республикалык маанидеги жолдор курулду. Эң негизгиси, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындай ири масштабдуу иш-чараны өткөрө ала турган дараметтүү мамлекет катары тааныды.
Ажо неге Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун сыяктуу бир кездеги досу Текебаевди камады?
Атамбаев президент болуп шайлангандан бери «мамлекеттен уурдаса же мамлекетке чыккынчылык кылса, ким болсо да камалат» деген сөзүн байма-бай кайталап келе жатат. Эски бийликтин убагында карапайым калк «качан карапайым элди жеген коррупционерлер камалат?» деген суроону коюп келсе, азыр болсо «дагы кайсы жемкор чиновник камалаар экен?» деген кызыгуу менен ММКларга көз салып, президенттин бул кадамын кубаттап келишет. Ушул жерден “эмне үчүн кармалган чиновниктерди колдоп, эл массалык түрдө көтөрүлбөйт?” деген табигый суроо жаралат.
Анткени учурда элдин саясий сабаттуулугу бир топ жогорулап, кимдин ким экенин илгиртпей таанып калган кези. Эл түшүндү, «уурулар тойгончо жеп, өлгөнчө карганаарын». Өмүрбек Текебаевдин «Мегаком» боюнча кыңыр ишин бир кездеги соратниги Өмүрбек Абдрахманов бир топ жылдардан бери эле айтып келген. Бирок тикелей далил болбогон соң Текебаев камалган эмес. Эми болсо Л.Маевский тикелей көрсөтмө берип, анын негизинде Текебаев камакка алынып отурат. Маевский ушуга чейин Кыргызстандын бийлиги мурдагыдай эле коррупцияга белчесинен баткан деп ойлогондуктан арыз жазбай келгенин айтты. Президент Атамбаев болсо, мыйзам бузса бир туугандарын да аябасын иш жүзүндө далилдеп келет.
Айла кеткендеги амал: жазуучулардын 50 миллион рубли жана кандуу жүк
Албетте, калкты мите курттай «соруп», бийлик-байлыкты кончуна басып, миллиондогон доллар пара алып көнүп калгандарга Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү жакпай жатканы турган иш деңизчи. Андыктан кандай гана айла-амал колдонуп болсо да элге Атамбаевди өздөрүндөй жегич кылып көрсөтүп, жаманатты кылуу «кампаниясы» көптөн бери жүрүүдө.
Азыр камалып жаткан саясатчылар «жыртык батинка» менен саясатка келип миллионер болушса, Атамбаев ак эмгек менен миллионер болуп, анан саясатка келген инсан. Андыктан Атамбаев мамлекеттик мүлктү жеди деген бир да далилдери жок болгон соң, айлалары кетип качкын президент Аскар Акаевдин «Атамбаев жазуучулардын 50 миллион рубль акчасын жеген» деген курулай дооматын айтып келишет. Эми ар бир акыл-эси соо адам ойлонуп көрөөр.
Атамбаев Акаевге да, Бакиевге да оппозицияда жүргөн адам. Эгер чын эле 50 миллион рубль жеген болсо, Акаев аны ошол кезде эле Ф.Куловдун жанына отургузмак. Бакиевдер болсо Исмаил Исаковго кошуп өмүр бою эркинен ажыратмак. Анын үстүнө качкан президенттин кеткен катындан айырмасы канча? Кеткен катын эрин жамандагандай эле качкын президенттер Атамбаевди ушактабаганда кимди жамандамак эле? Жакындан бери Дача-Су айылындагы кулаган жүктүн ээси президент экен деп «калптын казанын кайнатышып», улам бир “жыландын башын кылтыйтып» келишет.
Бирок азыр заман башка, калптар, апыртмалар «кырк жылда эмес, 40 мүнөткө жетпей” таш-талканы чыгууда. Түркия элчилиги болсо «айланайындар, Текебаев көргөзгөн кагаз далил болмок түгүл дааратканага жарабаган фейк» деп агынан жарылды. «Адамдын каралаганы жаман, күйгүзбөсө да карайтып коет» демекчи, ак жеринен күйгөн президент да «Гонконгго, Түркияга жүктү текшерип келүүгө барам» дегендерге жол киресин төлөп берүүгө даяр экенин айтты. Кыскасын айтканда, «ак ийилгени менен сынбаганын» мезгил өзү далилдеп келет.
Соңку сөз ордуна
Кыргызстанда ушул жылы президенттик шайлоо өтөт. Эмитеден эле ажо болуу кыялын жар салышып, бир топ саясатчылар алдын-ала аламанга аттанды… Бийликтин кумарына азгырылган Акаев өз мөөнөтүн Башмыйзамды өзгөртүү аркылуу төрт ирет узартты. Үй-бүлөлүк башкарууну тамырлатып, бирок ошол үй-бүлөсү Акаевдин тамырына балта чапты. Бакиевге бул сабак болбой, Акаевдин кейпин кийди. Алмазбек Атамбаев болсо бийликке мыйзамдуу келип, мыйзамдуу өткөрүп берүү алдында турат. Демек мындан ары Кыргызстанда бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кыларына үмүт арталы.
Булак: "Мантыш"