www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;

Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -13…-18 болот.

​17-январда борбор Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18°, күндүз -4…-6° градусту түзөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости