www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УТРКнын талкуу жараткан логотибин чийген Мелис Орозалиев логотипти бирөөнөн уурдабаганын Фейсбук аркылуу билдирди.
"Көптөгөн эскиздер чийилип, бир жери жакса, бир жери кайра оңдолуп отуруп азыркы логотип чийилди. Бул логотипти мен өзүм чийгем. Идеяны каяктан алганымды жана кайсы эскиздерден улам келип чыкканын сүрөттөн байкасаңар болот. Афган телеканалынын логосун бүгүн көрдүм. Эки логонун окшош болуп калгандыгы мен үчүн таң калууну жаратты. Бирок, кунт коюп баамдаган кишиге айырмачылыгы байкалат" - деди ал.
"Политклиника" медиасы УТРКнын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөнүн жазып чыккан.
"Улуттук биринчи каналдын” логотибинин антиплагиатка текшерип көргөндө Орусиянын ОРТ каналына эмес, Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине абдан окшош экенин көрүүгө болот" - деп билдирет аталган медиа.
Андан соң социалдык тармактарда УТРКнын логотибинин “уурдалышы” коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Буга чейин телеканал жаңы логотипке сынак жарыялап, анын жыйынтыгы менен бир дагы логотип комиссиянын сынынан өтпөй калган. Ошол себептен УТРКнын жамаатына тапшырма берилип, Мелис Орозалиев логотипти чийген.
Булак: NazarNews.kg