www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдор Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында жергиликтүү тургундар коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык көйгөйлөр, чечилбей жаткан жеке укуктук маселелери, түрдүү адилетсиздиктер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду беришти.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, эл менен болгон жолугушуулар президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыктан ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чегинде объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын, арыздарды жеке өзү көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости