www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Кыргызстандын желеги Казакстанга учуп барганы тууралуу видео тарады.

Анда 1-сентябрда учурулган желек Казакстанга барып конгону айтылат.

Ал эми бул боюнча социалдык тармакта ар кандай пикирлер айтылууда.

"Улуттук баалуулуктарга аяр мамиле жасаганды үйрөнсөк туугандар. Кыргыз мамлекетинин туусу ар тарапка учуп ар жерде жатканы жакшы иш эмес урматтуулар. Кыргыздын мамлекеттик туусун сыйлабаган жарандарды жоопкерчилике тартуу жолун карашы керек депутаттар,

анын ичинде жыртылган, айрылган, эскилиги жеткен тууну илип отурган мекемелер да кирет, машинанын номериндеги туубузду ар кайсы боёкко боёгон же башка өлкөнүн туусун жабыштырып алгандарга да катуу жаза берилиши керек деп ойлойм. Кыргыздын туусу ар дайым көктө желбиресин, жерде эмес", - деп билдирүү калтырган Мирлан Ташиев аттуу колдонуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости