www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары орус тилиндеги чиновниктердин отчетун угуудан баш тартышты.

Эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун угуу үчүн чогулган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев, Суу чарба кызматынын директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев, айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова жана Суу чарба кызматынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Улан Төрөгелдиев баяндама жасоо үчүн келген.

Улан Төрөгелдиев баяндаманы расмий тилде берүүнү суранган, бирок депутаттар анын өтүнүчүн четке кагышты.

«Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында мамлекеттик тилде гана баяндама угууну чечтик», - деди комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев баяндамада «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» КР кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, салык төлөөчүлөрдүн арасында орус тилин билгендер бар экенин белгиледи.

«Бизди бүт республика угат. Алардын 80 пайызы кыргыз тилдүү, 10 пайызы орусча сүйлөшү мүмкүн. Көпчүлүктү сыйлаш керек», - деди депутат Алишер Козуев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости