www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде 85 жаштагы Мамат Кулматов билим алууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 85 жаштагы студент кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинин 1-курсунда окуйт.

Кулматов 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш кезинде айыл-чарба техникумунда окуп, аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

"ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем”- дейт ал.

Кулматов үй-бүлөсү бул куракта окубай эле коюшун айтканын билдирди.

"Алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө дарыгер болом деп сөз берген элем. Байбичем да “илимди же бизди танда” деген суроо койду (жылмайып)”, - деди карыя.

Мамат Кулматов байбичеси менен төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20дан ашуун небере, чеберелери бар.

"27 жылдан бери ушул тармакта окутуучу болуп иштесем, биринчи жолу практикамда улуу жаштагы ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды" - дейт органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости