www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БИЛИП АЛ! Кандай эркек кызыл камчы болот?

Жыл жаңыргандан бери күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдардын саны өсүүдө. Бири күйөөсүнүн колунан таяк жеп каза тапса, экинчисине бензин чачылып өрттөлүп, коомчулукка дүрбөлөң салды. Ал эми өткөн жумадагы Жалал-Абаддын Сузак районундагы аялдын көргөн кордугу көпчүлүктүн көз алдында.

Мындан улам, «зулум, кызыл камчы эркек кайдан чыгат?» деген суроого жооп издедик. Көрсө, маселенин баары бала кезинен башталат экен. Бул тууралуу психолог Самат Алканов айтып берди.

1. Бала кезинде алган психологиялык жараат биринчи себеп болуусу мүмкүн. Кичинекей баланы (өзгөчө аялзатын) басынтып, шылдыңдаган учурда аң-сезимине доо кетет. Баланын ызасы ичинде катылып, ал сезим көп жылдар бою мээсинде жазылып тура берет. Кийин турмуш куруп, аялы менен урушканда, анын «башка эркектердей болуп акча таппайсың» же «сен да эркексиңби?» деген салыштырууларын укканда, көп жылдан бери катылып турган ызасы ойгонот. Анын көз алдына аялы эмес, тээ илгери аны катуу таарынткан аял (балким ал бала бакчадагы тарбиячысы же мугалими болушу мүмкүн) тартылат. Ушул учурда эркектин ичинде жырткычтык ойгонот.

2. Ашыкча эркелетип, баланын ою менен болуу да чоң муштумдукка алып келет. Себеби, ага кичинесинен оозунан чыкканынын баарын алып беришкен. «Мен, меники!» деген сезим менен чоңойгон бала башканын сезими менен эсептешкенди билбейт. Турмуш курганда ата-энесинен көргөн эркелик мамилени аялынан талап кыла баштайт. Өзүнүкүн кандай жол менен болсо да алууга өтөт. Көп учурда үстөмдүк, сабоо жолу менен каалаганына жетет.

3. Үчүнчү себеби, бала кезинен көзү көргөн нерсени кайталоо. Паталогиялык чоң муштумдук десек болот. Мисалы, атасы кылган нерсени кайталайт. «Үй-бүлөдө күйөөсү аялын сабаса болот, сабашы керек» деген программа мээсине басылат.

4. Балада ичи тардык, бирөөнүн ийгилигин көрө албаган сезим күч болсо, келечекте кызыл камчы чыгарына талаш жок. Бирөөнүн ийгилигин көрө албайт, өзүнүн ийгиликсиз кадамдарына башканы күнөөлөйт. Мындай адамдар үчүн «ушундайлардын айынан кыйналып атам», «сен үчүн жолум болгон жок» деген сөздөр мүнөздүү. Келип чыккан кыжырдануу сезиминен арылыш үчүн муштуму түйүлөт. Көп учурда бул адамдардын курмандыгына аялы жана балдары кабылат.

Турмуш курарда эркектин маңдайында кызыл камчы экени жазылып турбайт. Ошентсе да кээ бир жүрүм-турумуна назар салыңыз. Эгер төмөнкү белгилерди байкасаңыз, кеч боло электе артыңызды карабай качыңыз!

Сүйлөшүп жүргөндө эле дайыма көзөмөлдөйт. Телефон чалганда «эмне албайсың?», үйлөнө элек болсо да «жумуштан канчада чыктың? Үйгө канчада барасың?» деген көзөмөл ал үчүн мүнөздүү. Тилекке каршы, кыздар бул көзөмөлдү камкордук катары кабыл алышат.

Биринчи жолугушууда эле анын башка адамдарга болгон мамилесине назар салыңыз. Мисалы, тамактануучу жайындагы официант. Ага жасалган орой, үстөмдүк мамиле анын келечекте деспот экенинен кабар берет.

Кийген кийимиңизге кийлигишет. Ачык кийинип, боёнуп жүргөнүңүздү жактырбайт.

Убактыңызды көзөмөлдөгөнгө аракет кылат. «Бүгүн фитнеске барбай эле койчу, курбуң менен башка күнү жолукчу?» деген суранычтын артында тыкыр көзөмөл башталуусу мумкүн.

Дос-курбулардын санын чектегенге аракет кылат. «Тиги досуң мага жаккан жок, ага көп жолукпай эле койчу?» деп бара-бара элден чыгарганга аракет кылат.

Кокус таарынышып кетсеңиз, кара күчкө сизге таарынып, күнөөлүү кылганга аракет кылат. Көп учурда мындай эркектер үй-бүлөлүк урушта аялын сабаганы аз келгенсип, «өзүң күнөөлүүсүң, жиниме тийдиң» деген сөздөрдү колдонушат.

Жигит менен мамиле курууда анын бала чагы тууралуу көп сурап, билгенге аракет кылыңыз. Үй жаныбарларына кандай мамиле жасаганына кызыгыңыз. Мышыкты муунтуп өлтүргөнүн айтып берсе, сактанууга негиз бар. Андай эркектин ичинде зулумдук сезим эбак орногон.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости