www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.

Депутаттар сунушталган демилгени көп талкуулаган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган документти Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын демилгечилеринин ортосунда талаш жаралган.

Эске сала кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу 2020-жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости