www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоорунун максаты жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын  алкагындагы Кыргыз Республикасынын “Бузуулар  жөнүндө” кодексине ылайык келтирүү болуп саналарын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле парламент жыйынында “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык

ресурстарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда, “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости