www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Жогорку Радасынын «Жашоо үчүн — Оппозициялык платформасы» фракциясы президент Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын тең төрагасы Вадим Рабинович билдиргенин «Интерфакс» басылмасы жазды.
«Бүгүн Украинаны көз карандысыздык алгандан берки тарыхында бир убакта 3 канал өчүртүлдү. Биз шайлоочуларды, өлкөнү шылдыңдаган президент Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөбүз», — деди Рабинович Жогорку Раданын трибунасында сүйлөп жатып.
2-февралда Украина президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечимин күчүнө киргизип, оппозициялык партиянын лидерлеринин бири болгон Виктор Медведчукка тиешеси бар делген 3 каналдын («112», «Newsone» жана «ZIK») ишмердүүлүгүн токтоткон.
Булак: NazarNews.kg