www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 14-августтагы жыйынында бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерди бекитти.

Чечимдер Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде кабыл алынды.

Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат «Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясынын өкүлү Ренат Солтоновго өткөрүлүп берилди.

Калган жергиликтүү кеңештерде бир катар депутаттардын ыйгарым укуктары өздөрүнүн арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алардын ордуна шайлоодо кийинки көп добуш алган талапкерлер мандат алышты.

Тактап айтканда, Чоң-Кемин айылдык кеңешинде Айбек Туратбековдун ордуна Нурдин Егиналиев, Ак-Суу айылдык кеңешинде Данияр Сатиевдин ордуна Нарынбек Султанкулов, Учкун айылдык кеңешинде Назарбек Болотбек уулунун ордуна Кылычбек Тостоков депутат болуп дайындалды.

Ошондой эле Талас шаардык кеңешиндеги Айнура Нартаеванын мандаты Елена Бортниковага, Кыз-Көл айылдык кеңешиндеги Нурбек Абдырасуловдун мандаты Советбек Аманкуловго, Суу-Башы айылдык кеңешиндеги Таалайбек Рахматиллаевдин мандаты Абдыганы Жарматовго өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Тажихан Жапарованын жана Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Манзура Рахманованын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алардын бош калган мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша Асан Манаповго жана Оятилла Ибрагимовго өткөрүлүп берилди.

БШКнын маалыматына ылайык, бош мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди.

Последние новости