www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 13-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Манас Ордо» комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин 85 пайызы аткарылды. Комплексте 400дөн ашык куруучу иштеп жатат.
Орунтаев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн жумушчу топтун санын көбөйтүп, иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле курулуш графигин так сактоо жана калган иштерди сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
Долбоордун алкагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, галерея жана 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору курулууда.
«Манас Ордо» комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилген.
Анда кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырылып чагылдырылат.
Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө.
Долбоор министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.
«Манас Ордо» комплексиндеги реконструкция иштерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктоо пландалууда.