www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чындыгында Кыргызстанда жашоо керемет. Кара-Балтадан Токмокко чейин саякат жасасаң, жол жээгинде бирөө көмүр сатып жатат. жанында ун саткан бар, андан кийин нан, самсы саткан, жанында унаа жуучу жай, андан кийин бир кафе, тойкана, бери жагында цемент, кайра ун, андан бери автозаправка, бир аз жүрсөң акиташ, жол боюна жайып алган темир-тезек, бери жагында шаурма, хошан, ага кошо жолдон сансыз өтүп жаткан машинадан чыккан түтүн, коңулда жашынып машине токтоткон МАИ, (азыр п милиция) арабада олтуруп кайыр сураган майып, андан ары чыгышка жол тартсаң биз мародер эмеспиз деген митинг, анда сүйлөп жаткан Жытуубаевалар... андан ары көздөй кетсең кайра эле ушул көрүнүш. Мына биздин ачык жүзүбүз. Жашообуз, ким экенибиз, жакшы жашап жатабыз деп кайдан далил издейсиңер?
30 жылдан бери Кыргызстандын убалына калган кишилерди неге коргойсуңар? Ушул картинаны чет элден келип көргөндөр кандай пикирде болот? Саясый кызыкчылык деген бул акча. Мамлекеттик кызматка келүү деген бул акча. Бир кишини колдоп ага левый-правый болуп, даараткана кагазын сунуп жүргөндөрдүкү алсыздык жана эки жүздүүлүк. Атаңдын баласы болсоң бирөөгө кошомат кылба, арамдан туулган болсоң анда айла жок, таманын жала. Депутат болгондо айткан убадасын аткарбагандар, президент болгондо да аткарбайт.
Келдибек Назиров
Булак: NazarNews.kg