www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2005-жылы парламенттик шайлоонун алды болсо керек эле. Каракулжалык бир аксакалдан элдин пикирин, депутаттыкка кимди шайлашмакчы экендиктерин сурасам, ал: “Албетте, Сооронбайды шайлайбыз. Себеби, ал суутулуп, ээр-токуму салынып, ат чабышка дапдаяр аргымактай болуп турат” дегени эсимде. Менимче, азыр президенттик шайлоонун алдында да каракулжалык аксакалдын ошол мүнөздөмөсү Сооронбай Жээнбековго аябай эле бап келип тургандай. Анткени, ал жетекчилик тепкичтердин баарын басып өттү. Айылда чарбаны жетектеди, депутат, вице-спикер, министр, губернатор болду. Мына, былтыртан бери премьер-министр болуп, өкмөттү жетектеп келатат.

Саясатта “президент болчу киши сөзсүз өкмөттү жетектеп көрүүгө тийиш” деген жазылбаган мыйзам бар. Бул бекеринен эмес. Премьер-министр факт жүзүндө экономиканы, өндүрүштү тейлеп-тескеген, демек, өлкөнүн өсүүсүн, алга жылуусун, элдин турмуш жыргалчылыгын камсыздаган адам. Өкмөттү жетектеп, анын ысык-суугуна туруштук бералган киши президенттин милдетин да опоңой аркалап кете алат.

Бул жагынан алганда, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары өзүнүн дарамет-шыгын толук көлөмдө көрсөтө алды десек болот. Экономикалык өсүүсү 3,8 пайызды түзүп, экспорт 5,1 пайызга көбөйгөнүнүн өзү эле көп нерсени билдирип турат. Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясы, бир нече комитеттер жана фракциялар өкмөттүн отчетун угуп, жакшы баа беришкендери да бекеринен эместир.

Көп саясатчылар, карапайым эл Сооронбай Жээнбековду легендарлуу Султан Ибраимовго салыштырышат. Башкача айтканда, анын жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин, “түндүк-түштүк” деп бөлбөй, жалпыга тегиз караган даанышмандыгын, алдым-жуттумдуктан алыстыгын жогору баалашат. Ал кайсы гана жерде, кайсы гана кызматтарда иштебесин, бир да жолу артынан жаман сөз ээрчиткен жок. Биздин оюбузча, бул болочок президент үчүн эң зарыл сапаттар...

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости