www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы жыйырма  мектептин башталгыч класстары  үчүн кыргыз тилинде 2800 дөн ашуун китеп тапшырылды. Жалпысынан ЮСАИД Кыргызстандын мектептери үчүн 264 миңден  ашык китептерди тапшырган. Бул тууралуу маалыматты аталган долбоордун Жалал-Абад областы боюнча мониторинг жана баалоо координатору Айпери Калбекова билдирди.

 Анын айтымында, китептертерди тапшыруу расмий аземи Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж. Бакиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

-Шаардагы ар бир мектеп 123 китептен алат. Алар алгачкы окурамандарга ылайыкталган, кыргыз тилинде жазылган жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырларды камтыган китептер. Китептер ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоор өлкө боюнча 60 пайыз мектептерде иштеп,башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу максатында болуп жатат,-дейт ал. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости