www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында буга чейин өзгөчө оор кылмыштары үчүн кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эки учурда тең кылмыш ири суммадагы акчаны тартып алуу максатында жасалган.

"Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кармалгандардын арасында аялдар да бар. Ал Өзбекстандын жараны, Наманган облусунун тургуну 1987-жылы туулган У.С. (аял киши) Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген жана кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот.

Шектүүнүн башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөнү дагы аныкталды. Анын Ош шаарындагы жашаган жерин тинтүү учурунда 37 жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости