www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери социалдык түйүндөрдө экстремисттик материалдардын таралышын аныктап, алардын авторун кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ахмадтын Атасы аттуу колдонуучу өзүнүнФейсбук баракчасына экстремисттик материалдарды камтыган билдирүүлөрдү жарыялаган. Аталган факты Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүндө катталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде иш козголгон.

Билдирүүнүнү авторунун өздүгү аныкталды. Ал Ысык-Ата районунун тургуну, тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун жактоочусу, 56 жаштагы М.Р болуп чыкты», - деп айтылат маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости