www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи Улуттук Курултай өтүп, ага 1074 делегат катышкан. Аны өткөрүү үчүн 2022-жылдын 15-августунда Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Бул жарлык Элдик Курултайдын укуктук статусуна жана анын ишинин принциптерине байланышкан маселелерди жөнгө салууга чейинки мезгилде кабыл алынган..

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенине байланыштуу президенттин Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү жарлыгы күчүн жоготту деп табылып, 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн Улуттук ассамблеянын делегаттарынын ыйгарым укуктары да токтотулду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости