www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер менен жолукту жана гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолугушуу Анкара шаарында (Түркия Республикасы) өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк Комиссиясынын тогузунчу жыйынын жыйынтыгы боюнча болду.
Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер жана жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда түркиялык ишкерлерге биздин республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрү – тармактык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле «Бишкек» жана «Нарын» эркин экономикалык аймактарынын жетекчилери «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын ишкерлери менен Кыргыз Республикасында ишкердик кылуу, инвестиция тартуу жана жаңы өнөр жай аянттарын ачуу боюнча маалыматтарды жеткирүү максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.
Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан» компаниясынын иши менен таанышты.
Жолугушууда тараптар бул компаниянын ата мекендик гидроэнергетикалык долбоорлорго катышуу мүмкүндүгү тууралуу пикир алмашышты.
Булак: NazarNews.kg