www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында абанын булганышы боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга түзүмдүк бөлүмдөрдүн, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Шаар башчысы борбор калаадагы абанын сапатына таасирин тийгизген көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-чаралардын планы менен тааныштырды.

Алсак, 2023-жылы беш турак жайды газдаштыруу жана бардык муниципалдык көмүр отказандарын газга жана башка альтернативдүү жылуулук булактарына өткөрүү менен жылуулук насосторун ишке киргизүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, калктуу конуштарга 12 муниципалдык мончо жана таштандыларды тазалоочу жай куруу боюнча идеялар сунушталды. Ошондой эле - экологиялык жактан таза 500 даана коомдук транспорттун сатып алуу керектигин кошумчалады.

Башка сунуштар арасында экологиялык жактан таза күйүүчү май менен жүрүүчү коомдук транспорттордун санын 1500 бирдикке жеткирүү, коомдук транспорт үчүн атайын тилке түзүү туралуу долбоор каралды.

«Бир түстүү электр таксилерин 500 даана сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда», - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле борбордун аймагын Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү сунушу айтылды.

Башка идеялардын арасында темир жолду шаардан алып салуу, көп кабаттуу үйлөрдү курууну жөнгө салуу, базарларды, автобекеттерди, калкты тейлөө мекемелерин шаардын четине өткөрүү, ТЭЦ-2ди калыбына келтирүү.

Маалым болгондой, мэр Эмилбек Абдыкадыров жыйында каралган маселелердин бардыгын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости