www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк бийлиги өз жарандарын кысымга алуу коркунучу бар экенин белгилеп, Европага жана АКШга барбоого эскертти, - деп билдирет Deutsche Welle телеканалы.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Европадагы жарандарды демонстрациялар өтүп жаткан аймактардан оолак болууга үндөдү. Түркия соңку кездери мусулмандарга жана антитүрккө каршы нааразылыктар Европада "диний сабырсыздыктын жана жек көрүүнүн коркунучтуу деңгээлин" көрсөттү деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, Түркия АКШга "чет элдиктерге каршы оозеки жана физикалык чабуулдар жана Кошмо Штаттардын аймагында жасалган расизм актыларына" шылтоолоп, өзүнчө эскертүү берди.
Даниянын исламга каршы күрөшкөн Страм Курс партиясынын башчысы Расмус Палудан Куранды Түркиянын Швециянын баш калаасында элчилигинин алдында өрттөп жибергени Түркиянын нааразылыгын жараткан.
Белгилей кетсек, Стокгольмдо Курандын өрттөлүшү Швециянын НАТО альянсына кирүү умтулуусун жокко чыгарды. НАТОнун мүчөсү Түркия ашынган оңчулдардын нааразычылыгынан кийин Швециянын коргонуу альянсына кирүү аракетин колдобой турганын билдирди. Учурдагы эрежелерге ылайык, жаңы өлкөнүн трансатлантикалык коргонуу келишимине кириши үчүн НАТОнун бардык 30 мүчөсүнүн макулдугу керек.
Булак: NazarNews.kg