www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери 2021-2022-жылдары кызматташуу программасы боюнча документке кол коюшту. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов кыргыз кесиптеши Руслан Казакбаев менен Бакуда болгон жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Эки министрдин жолугушуусунда эки жана көп тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелер каралган. Анын ичинде эки мамлекеттин соода-экономикалык алакасын арттыруу маселеси талкууланган.

«Быйыл январь-май айларында былтыркыга караганда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 65%га өскөн. Ал көрсөткүч бизди канааттандырбайт. Биз өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүү маселесин талкууладык», — деди ал.

Ал Кыргызстанды Азербайжан аркылуу өтүүчү «Чыгыш-Батыш» транспорттук коридору кызыктырышы мүмкүн экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости