www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцинанын 259 740 дозасы 27-октябрда COVAX багыты менен алып келинген. Эртеңден тарта кыргызстандыктар эмделе баштайт.

Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тарта Бишкектин бардык эмдөө пунктуларында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, препарат Аламүдүн менен Сокулук райондорунда жана Кант шаарында дагы болот.

1-ноябрдан баштап республиканын бардык аймактарына акырындык менен жеткирилет. Аны менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар эмделе алат. Ар бир дозасы 21-28 күн аралыкта сайылат.

Вакцинанын 259 740 дозасы 27-октябрда COVAX багыты менен алып келинген.

Буга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен Pfizer үчүн төрт муздаткыч менен ийнелер алынган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости