www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-октябрдан тарта акыркы жылдар ичиндеги күчтүү магниттик бороон башталат. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Физикалык институтуна шилтеме берип РИА Новости жазды

"Алдын ала маалыматтар боюнча, бороондун эң күчтүү учурунда магниттик толкундар 5 баллга жетери күтүлүүдө. Бул прогноздор туура чыкса, адистер бул жолку бороон акыркы бир нече жылдан берки эң күчтүүсү болуп каларын айтууда", — деп жазылат кабарда. Маалыматка караганда, алгачкы толкундар жерге 30-октябрь күнү Бишкек убактысы менен саат 13.00дөр чамасында башталат. Жалпы Жер жүзүн каптоочу магниттик толкун эки суткага созулат.

Адистер бороон энергетика системасынын, космостук аппараттардын, радионавигация жана радио толкундардын ишине тоскоолдук келтирерин айтууда.

Адатта магниттик бороон учурунда көпчүлүк кишинин муундары, башы ооруп, өзүн жаман сезип, уйкусу качышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости