www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Драматург жана жазуучу Мар Байджиев дүйнөдөн кайтты

Белгилүү прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу Мар Байджиев 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жазуучунун небереси Дастан өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Мар Байджиев 1935-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад шаарында мугалим, жазуучу Ташим Байжиевдин үй-бүлөсүндө туулган.

Мар Байджиев Кыргыз мамлекеттик университетин, Москвадагы сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсун (1962-1964) бүтүргөн. Андан соң «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор, республиканын Маданият министрлигинде, «Литературная газетанын» Кыргызстандагы кабарчысы (1971-1975), «Правда» менен «Комсомольская правда» гезиттеринин атайын кабарчысы болуп иштеген. .

1990-1995-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Мар Байжиевдин пьесалары дүйнөнүн 274 театрында коюлган. Анын адабий чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде ондон ашык өлкөдө жарык көргөн, сценарийлердин негизинде көркөм жана телефильмдер тартылган, анда башкы ролдорду атактуу актерлор, анын ичинде Наталья Варлей сыяктуу жылдыздар ойногон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости