www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Эмдөөнүн алдында кайсы тамактан баш тартуу керек?

Эмдөөдөн үч-төрт күн мурун фаст-фудду, анын ичинде таттуу сода жана консерванттар көп болгон тамактарды токтотуу керек. Бул тууралуу республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициолог дарыгери Марина Дүйшенкулова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алдында иммунитетке жакшы көңүл бөлүү зарыл.

«Эмдөөдөн үч-төрт күн мурун фаст-фудду, анын ичинде таттуу сода жана консерванттар көп болгон тамактарды токтотуу керек. Себеби алардын айрымдары иммунитетти түшүрүү касиетине ээ»- дейт Марина Дүйшенкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости